Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Ошко газ толук бериле баштады


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ош газ” ишканасынын жетекчиси Маматкалык Аматов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын түштүк борбору жана Карасуу районуна газ бүгүнтөн тартып бериле баштады. Маалыматка караганда, оштуктардын газга болгон карызы жалпысынан 71 млн. сомдон ашуун. Аны өндүрүү боюнча мобилдүү топ түзүлүп иштеп жатат. Карызы 800 сомдон ашкан кардарлардын газ түтүктөрү кыркылууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактык кабарчысы билдирди.

Өзбекстан Ошко газ берүүнү мындан үч күн мурда 18-майда чектеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG