Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданына бир жарым миң адам чогулду


Чогулгандар өлкөнүн түштүк аймактары боюнча координатору, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бакыт Алымбеков жана облус губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун эл алдына чыгышын талап кылып жатышканын аймактагы кабарчыбыз кабарлады. Маалыматка караганда, Убакытылуу өкмөт мүчөлөрүнө элчи катары мурдагы губернатор Жусупжан Жээнбеков, укук коргоочу Азиза Абдырасулова жана Жамал Сооронкуловду жөнөтүштү.

Ат майданга чогулгандар Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду кармап, жазага тартуу жана 14-майдагы тополоңдо да ок аткандарды табуу талабын коюп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG