Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

И. Исаков: Чоң коркунучтун алдын алдык

Кыргызстандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков Жалал-Абаттын ат майданында азыр чогулуп турган бир жарым миңдей адам менен жолугушаарын “Азаттыкка” кабарлады.

“Түнү бою аксакалдар, аймактын активдери менен сүйлөшүп, Кудайдын жардамы менен чоң коркунучту четтеттик”, - деди И.Исаков.

Ал Жалал-Абаттагы Кадыржан Батыров жетектеген өзбек улуттук маданий борборунда ок атылганы боюнча жыйырмадай тергөөчү иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Исмаил Исаков Убактылуу өкмөттүн чечимине ылайык Жалал-Абаттагы кырдаалды тез арада жайгаруу үчүн 19-майда Бишкектен учуп кеткен. (КЕ)
​
XS
SM
MD
LG