Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган коомдун жетекчисинин орун басары Исраил Абдыраимов кабарлады. Анын айтымында, И.Масалиевди жана анын үй-бүлөсүн коргоо боюнча түзүлгөн коомдун жобосу иштелип жаткандыгы билдирди. Коом мүчөлөрү И.Масалиев айыпсыз камалды деп эсептешет.
Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев буга чейин Убактылуу өкмөткө жолдогон кайрылуусунда ага коюлган айыптарды адилет каралуусун өтүнүп, 13-14-майдагы Жалал-Абаддагы окуяга тиешеси жоктугун, күч менен бийликти алмаштыруучулардын тарабында болбогондугун жана эч качан аларды колдобостугун билдирген.
Исхак Масалиев "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери Үсөн Сыдыков менен болгон телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккандан кийин,14-майда УКМКнын абагына камалган эле. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. (КЕ)