Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Кыргызстанда президент 6 жылга бир мөөнөткө шайланат


Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Данияр Нарынбаев бүгүн маалымат "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары чектелип, атуулдардын укуктары жана эркиндигине өзгөчө маани берилип, элдик курултай да киргизилди.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынында Конституциянын жаңы редакциясында парламентттик башкаруу формасы тандалып алынганын, анда бийликтин элге кызмат кылуусуна, адам эркиндигин жана сөз эркиндигин коргоого, демократиялык жол менен өнүгүүгө ылайыкташтырылып жазылганын билдирди. Конституциянын жаңы редакциясы эл аралык уюмдар тарабынан жактырылыганын белгилеген Ө.Текебаев бул Конституциянын акыркы варианты экендигин, эми өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбестигин айтты.

Маалыматка караганда техникалык себептерден улам Баш мыйзамдын жаңы редакциясы бүгүн эртең менен коомчулукка жарыяланбай калды. Кечке чейин лингвистикалык жана техникалык жактан текшерилип, кечинде коомчулукка жарыяланып, эртең гезиттерде басылып чыгат. (AJ)

XS
SM
MD
LG