Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Кадыржан Батыровго каршы кылмыш иши козголду


Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абадда Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков ат майданда чогулгандардын алдында билдирди. Ал тергөө иштерине байланыштуу маалымат ачык айтылбай турганын, ал эми курал-жарактар боюнча да иликтөө ишетри жүрүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле 14-майда башаламандыкты уюштурду деп 4-5 баланын кармалгандыгы тууралуу маалымат аларда жоктугун кабарлады. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдирди.

Андан соң 7-апрелде жана 14-майда курман болгондорго куран окулуп, чогулгандар аздап тарай башташты. Ат майданга чогулган 5-6 миң адам Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду кармап, жазага тартуу жана 14-майдагы тополоңдо да ок аткандарды табуу талабын коюшууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG