Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Т.Сариев: Каражатты жеке кызыкчылык үчүн алуу тууралуу сөз болгон эмес


Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Темир Сариев бул тууралуу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, сөз болуп жаткан 19 млн. доллар Улуттук Банктын эсебинде топтолуп турган каражат, анын бир миллиону өлкөнүн коопсуздугу үчүн атайын операцияларга жумшалган. Ал Убактылуу өкмөттүн бул боюнча жашыруун токтому бар экенин кошумчалады. “Биз мамлекеттик сырдын баарын ачып кое албайбыз да. Контрреволюциялык аракеттери ишке ашпай калган тарап ар кандай компроматты сунуштай беришет. Убактылуу өкмөт мамлекеттик сырдан башка маалыматты ачык айтып келе жатат”, - деди Т.Сариев.

Бир миллион доллардын "изин жашыруу" тууралуу Т.Сариев менен А.Бекназаровдуку деп жоромолдонгон телефондогу сүйлөшүүлөрдүн көчүрмөсү www.youtube.com интернет барагына жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG