Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

"Кыргыз Эл биримдиги" каршылашкан тараптардын ортосунда көпүрө болгусу келет


Кыргыз Эл Биримдиги кыймылы билдирүү таркатып, Жалал-Абадагы кан төгүлгөн тополоң окуялар үчүн бакиевчилерди күнөөлөдү.

“Элдин ырыскысын тоноп алганы аз келгенсип, чагымчыл күчтөрдү элге каршы тукуруп, жоопкерчиликтен качып кетүүгө далбас уруп аткан мурунку бийликтин төбөлдөрү күн санап өзүнүн чыныгы жүзүн ачууда. Алар элди бузуп-жаруунун жаңы айла-амалдарын ойлоп чыгышууда. Улутуна карабастан, өз мекендештерибизди андай арамза ыплас азгырыктарга алданбоого чакырабыз. Сабырдуулук жана даанышмандык менен жылдар бою топтолгон маселелерди чогуу чечип, чиеленишкен оор абалдан чыгууга бирдиктүү аракеттерди жасайлы,”- деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Эл биримдиги азыркы тарыхый кырдаалда ыйык мекендин бүтүндүгүн, мамлекеттүүлүктү сактап калууга, улут аралык ынтымакты чыңдоого чакырат. Бул үчүн элдик дипломатия, укуктук жана башка эл аралык нормаларга ылайык заманбап каражаттарды колдонуу зарыл экенин белгилеп, «Кыргыз Эл Биримдиги» - көп жылдардан бери жыйналып калган проблемаларды ийри олтуруп, түз кеңешүүгө, ошондой эле каршылашкан тараптардын ортосунда көпүрө болуп берүүгө даяр экендигин билдирет.

XS
SM
MD
LG