Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:17

Жалал-Абад облусунда абал туруктуу


Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков кабарлады. Ал “Телтору” ат майданында чогулгандар менен жолугушуу жакшы маанайда бүткөнүн кабарлады. Чогулгандар Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду кармап, жазага тартуу жана 14-майдагы тополоңдо да ок аткандарды табуу талабын коюшкан. И.Исаков айрым маалымат булактарында жазылган өзүнүн барымтага алынганы тууралуу кабарды четке какты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG