Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

Нарында элдик референдумга даярдыктар башталды


27-июнда өтүүчү жалпы элдик рефердумга Нарын облусунда даярдыктар башталганын референдумду өткөрүү боюнча түзүлгөн облустук штабдын жетекчиси, губернатордун милдетин аткаруучунун орун басары Эрлан Сапарбаев билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарында жана калган 5 райондо уюштуруу иштери боюнча атайын штабдар, шайлоо комиссиялары түзүлдү. Шайлоо комиссияларынын курамын окутууга, референдумду өткөрүүгө канча каражат сарпталаары такталып жатат. Учурда референдумга катышуучулардын тизмеси такталууда, алдын ала маалымат боюнча облуста 147 миң 975 шайлоочу бар. Бул өлкөбүздө 2009 жылы болгон президенттик шайлоодон 1899 адамга көп.

Өткөн жылдын 17-июнуна карай облустук шайлоо комиссиясы дубанда 146 миң 76 шайлоочу бар деп маалымат берген. (JI)

XS
SM
MD
LG