Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Нарында наристелер жоголду


Нарын шаарынын кичинекей тургундары, бир туугандар: алты жарым жаштагы Бакытбек кызы Диана жана төрт жаштагы Акбар Жолдошбеков 19-майда шаардын Москва чөлкөмүндө жайгашкан үйүнүн алдында ойноп жатып, кечки саат бештерден тарта дайынсыз жоголгон. Балдардын атасы, Нарындагы жаш патриоттор жана лидерлердин «Жаш данакер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бакыт Эгембердиев наристелер Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн деген божомолдорго ишенбейт. Анын пикиринде, бул ишти жумушуна байланыштуу же акча талап кылуу үчүн бирөөлөр жасашы мүмкүн.

Ал эми Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары Каныбек Чолпонбаевдин айтымында, аталган факт боюнча издөө иштери жүргүзүлүп , баардык божомолдор караштырылып жатат.

Ушундай эле окуя 30-апрелде Ат-Башы районунда болуп, 13 жаштагы Эрлан Кадырбаевди уурдагандар эки суткадан кийин табылган.(JI)

XS
SM
MD
LG