Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

У. Ботобеков: Р. Отунбаевага түндүктө да, түштүктө да анчалык каршылык жок


Бишкектеги Гуманитардык изилдөөлөр жана конфликтология борбору азыркы оор кырдаалда кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана коомдо туруктуулукту сактоо үчүн бардык саясий күчтөр өткөөл мезгилдин президенти кызматына Роза Отунбаеванын талапкерлигин колдоого алышы керек деп билдирет. Улут аралык жаңжал жана жарандык согуштун учкуну эшикти кагып турганда, бул мындай кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу.

“Р. Отунбаеванын талапкердиги түндүктө да, республиканын түштүгүндө да анчалык каршылык туудурбайт, анткени ал башка лидерлерден чынчылдыгы жана принципиалдуулугу менен айырмаланат”,- дейт аталган борбордун директору Уран Ботобеков. Ошондой эле анын айтымында, референдумда жалпы элдик колдоого ээ болуш үчүн Р. Отунбаева биримдикти чыңдаган фигура болуп, коомду партиялык белгилер боюнча «өзгө» жана «жатка» бөлбөшү керек. Убактылуу өкмөттүн кадр жана экономикалык маселелериндеги каталыктарын бакиевчилерди колдогон реваншисттик күчтөргө шылтай салгандан алыс болушу керек.

«Эгер ал өзүнүн практикалык иш-аракеттери менен кландарга жана жердешчиликке ыдырап жаткан коомдун биримдигин чыңдай алса, жана эртеңки жакшы жашоого ишеним берсе, ал жардын кырында турган кыргыз мамлекетин сактап калган лидер катары тарыхта калат», -деп эсептейт У. Ботобеков. (KC)

XS
SM
MD
LG