Мурдагы президент бүгүн (20-майда) “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстандагы тополоң окуяларды бакиевчилер каржылап уюштуруп жатат деген Убактылуу өкмөттүн айыптоосун “жалган сөз” катары четке какты. Интернеттеги М. Бакиев менен Ж. Бакиевдики деп айтылып жаткан телефондук сүйлөшүүлөрдүн көчүрмөлөрү жөнүндөгү маселеге токтолуп, балдары жана бир туугандары ар кай жерде качып жүргөндүктөн көптөн бери байланышы жок экенин айтты. К. Бакиев кайра Убактылуу өкмөттү “эмне болсо эле баарын Бакиевдерге жүктөй берет. Буларда мындан башка жол жок, себеби мамлекетти башкаруу колунан келбей атат”, - деп сындады. Анын айтымында, өлкөдө болуп жаткан каршылык акциялар убактылуу өкмөттүн башкаруусуна нааразы болуп жаткандардан чыгып жатат.
Убактылуу өкмөт 12-майда жана 19-майда Кыргызстандын түштүк облустарында болгон массалык тополоң фактылары үчүн бакиевчилерди айыптап, алар бийликти кайтарып алуу үчүн кырдаалды бузуп-жарып, массалык тополоң чыгарган күчтөрдү каржылап жатат деп билдирүү жасаган.
Ошол эле учурда Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин үнүнө окшогон кишилердин телефондук сүйлөшүүсү жазылып, интернетте (YouTube) жарыяланып, андан тышкары Бакиевди колдоп келген мурдагы президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун телефондогу сүйлөшүүлөрү кеңири жарыяланып, анда азыркы Убактылуу өкмөткө каршы куралдуу күрөш чаралары тууралуу да сөз жүргөн. (КС)