Ошто иштеген журналисттердин жана редакторлордун демилгелүү тобу Массалык маалымат каражаттарындагы айрым макалалардын айынан өлкөдө кырдаал чыңалып кетиши ыктымал экенинен чочулап, журналисттер үчүн этиканын чукул нормаларын иштеп чыгып сунуштады. Ага ылайык, талаштуу окуяга катышкан бул же тигил адамдын же топтун улуту ким экенинин айтуудан кармануу зарылдыгы айтылат. Окуяны чагылдырууда кесиптик нормаларды сактап журналисттерди өзүнүн саясий көз карашын билдирбөөгө чакырык ташталган. Мындан мурдарак бир катар медиа уюмдар азыркыдай кыйчалыш шартта ММКны бир тараптуу маалымат таратуудан оолак болууга үндөшкөн болчу. (EBM)