Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Алкогол ичимдиктерине каршы күрөштүн глобалдык стратегиясы кабыл алынды


БУУга кирген 193 өлкө кабыл алган документте зыяндуу ичкилик ичүү менен күрөштүн чаралары арасында машина айдоочулардын канындагы алкоголдун чегин төмөндөтүү, барларды жана ичимдик саткан дүкөндөрдү эрте жабуу сунуштары бар. Эң талаштуу сунуштар ичкилик өндүрүүчүлөрдүн ишин тескеп, баа коюу жана рекламалоо иштерин көзөмөлдөөгө байланышкан. Ашыкча ичкилик ичүү дүйнөдө майыптыкка жана мезгилсиз өлүмгө алып келген үчүнчү эң кооптуу кооптуу фактор болуп саналат. Алкоголдун кесепетинен жылыга эки жарым миллион киши, анын ичинде 15тен 29 жашка чейинки курактагы 320 миң киши каза табат.

XS
SM
MD
LG