Өзбек президентинин улуу кызы Франциянын түштүгүндөгү Канн шаарында өтүп жаткан кинофестивалда СПИД менен күрөшкө акча топтоо иш-чарасына катыша тургандыгы кабарланууда. Өзбекстандын өзүндө СПИД менен күрөшкөн активист Максим Попов СПИД менен ВИЧ инфекциясынын алдын алуу тууралуу жазган түшүндүрмө китепчеси үчүн жети жылга эркинен ажыратылган. Чек арасыз кабарчылар уюму ачык катында белгилегендей, кино жылдызы Элизабет Тейлор жетектеген америкалык СПИД боюнча изилдөө кору жакында Поповдун бошотулушун талап кылган петицияга кол кошулган.