Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Беларус Курманбек Бакиев боюнча документтер топтомун алганын ырастады


Беларустун Башкы прокуратурасынын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Петр Киселевдун бүгүн маалымат агенттиктерине билдиргенине караганда, Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Бакиевге тиешелүү документтердин дээрлик баары, муну ичинде өткөрүп берүү жөнүндөгү өтүнүчтүн түп нускасы келди”. Минскилик расмий өкүл белгилегендей, түшкөн документтер Беларустун Башкы прокуратурасынын жетекчилигинин кароосунда жатат. Кароо мөөнөтү келип түшкөн материалдардын көлөмүнө жана мазмуунуна жараша болот. Ошондой эле кошумча маалыматтар да суралуусу мүмкүн. Убактылуу өкмөттүн декрети менен кол тийбестик укугунан ажыратылган Курманбек Бакиевге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш изи козголгон. Беларус президенти Александр Лукашенко Убактылуу өкмөттүн Бакиевди өткөрүп алуу өтүнүчүнөн майнап чыкпасын буга чейин билдирген.

XS
SM
MD
LG