Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Түндүк Корея Түштүк Кореянын кемесин чөктүргөнү үчүн жоопкерчиликке тартылуусу керек


Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн Азия боюнча иш сапарын баштап, Токиого келген кезинде айтты. Мунун алдында расмий Сеул Сары деңизде 26-мартта болгон кырсыктын себептери боюнча өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган эле. Документте айтылган маалыматка караганда, кеме Түндүк Кореянын торпедосу тийгенден кийин чөгүп кеткен. Анда 46 кишинин өмүрү кыйылган. Түндүк Корея тарап күнөөсү жок экендигин айтып, эгер жазалоочу чаралар колдонулса , аскерий аракеттер башталуусу мүмкүн экенин эскертүүдө. Жапония Түндүк Кореянын аракетин кечиримсиз деп атаган. Кытай болсо тараптарды сабырдуулукка чакырып, кырсык боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG