Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

“Бритиш Петролиум” аккан мунайдын көлөмүн жашырган деген айыпты четке какты


АКШнын Мексика булуңундагы мунай бургулоочу платформада 20-апрелде орун алган жарылуудан кийин булуңга күнүнө беш миң баррель кара май куюлуп тургандыгы айтылып келинген эле. Бирок кечээ “Бритиш Петролиумдун” өкүлү аккан мунайдын көлөмү алгач маалымдалгандан кыйла көп болуусу мүмкүн экенин моюнга алган. Учурда агып жаткан мунай түтүк аркылуу суу үстүндөгү танкерге чыгарылууда. Ошол эле учурда океандын түбүндө каймактап калган мунайдын өлчөмү мурда айтылгандагыдан көп экендигинин далилдери пайда болду. АКШ өкмөтү бул маселеде айкындуулукту көрсөтпөгөнү үчүн “Бритиш Петролиумду” айыптаган. Компания өкүлдөрү азыр алардын алгачкы маалыматтары болжолдуу эсептерге негизделгенин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG