Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Орус президенти БУУнун чакырыгын колдогондой


Маалыматтарга караганда, Дмитрий Медведев Санкть-Петербург шаарынын тарыхый борборунда Газпромдун айнек менен болоттон тургузулуучу мунарасынын курулушун токтотуу чакырыгын колдогондой. Бүгүн “Коммерсанть” гезити Кремлдин өкүлү шаар бийликтерине ЮНЕСКОнун курулушту токтотуу же мерчемделген имараттын бийиктигин азайтуу чакырыгын эске алууга көрсөтмө берген кат жолдогонун жазып чыкты. Долбоор боюнча бийиктиги 403 метр келген мунара 2016 –жылга карата бүткөрүлүшү керек. Курулуштун жактоочулары, анын ичинде премьер-министр Владимир Путин наркы 3 миллиард келген долбоор шаардын экономикасы кайра жандануусуна жардам берет деп эсептешкени менен бул план жергиликтүү тургундардын жана оппозициядагы партиялардын каршылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG