Баткен облустук бийлигинен бүгүн “Азаттыкка” билдиришкенге караганда, буга Сох анклавынан кыргыз жарандарынын каттоосу кыйындап кетиши себеп болгон. Өзбек тарапка бул боюнча кайрылуулардан эч кандай майнап чыкпаган соң облустук бийлик аргасыздан ушундай кадамга барды. Облустук бийликтин аракети менен Сох анклавын Өзбекстандын негизги бөлүгү менен байланыштырган жол бүгүн 4 саатка жабылган соң гана кошуналар күчөтүлгөн текшерүүнү алып салып, бүгүндөн тарта
Маалыматка караганда, 4 күндөн бери Өзбекстандын Сох анклавынан транзиттик каттамда Кыргызстандын жарандарына ички жарандык паспорт (ID карт) менен өтүүгө уруксат берилбей келген.
2006-жылы эки тараптын жергиликтүү бийликтери Сох анклавы аркылуу өтүүдө кыргыз атуулдары ички жарандык паспорт менен каттоосуна макулдашышкан болчу. Ага карабай өзбек тарап 17-майда макулдашууну бир тараптуу жокко чыгарган эле. (JsA)