Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Ошто быйыл акыркы коңгуроо салтанаты мектептерде гана белгиленет


Бул туурасында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдивали Балтабаев «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтышынча, акыркы коңгуроо мектептердин аймагында гана белгиленет. Калаадагы акыркы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу ашыкча шаң-шөөкөттөргө катуу тыюу салынат. Салтанатка арналган бардык иш-чараларга агартуу мекемелеринин, милициянын жана жол коопсуздугу органдарынын өкүлдөрү катышмакчы. Ата-энелердин көпчүлүгү мындай чечимди кубаттап жатышат. Алар ырасташынча, бүтүрүчүүлөрдүн кечесине олуттуу чыгым коротулуп, а түгүл мындан айрым мугалимдер пайда тапкан учурлар да жок эмес.

Ош шаарында быйыл 3080 улан-кыз 11-классты, ал эми 5852 окуучу 9-кластты аяктаары күтүлүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG