Бул туурасында Ош шаарынын вице-мэри Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, жергиликтүү бир катар телеканалдар комментарийсиз көрсөтүүлөрдү уюштуруп, анда улуттар арасына чагым салган, элди автономияга үндөгөн, мамлекеттин бүтүндүгүнө олуттуу коркунуч туудурган ачык чакырыктар айтылган. Муну менен айрым массалык маалымат каражаттары Жалал-Абаддагы тирешүүлөрдүн тутанышына, ошондой эле Ош шаарында кырдаалдын курчушуна шарт жараткан. Ушундан улам ММКлардын ишмердүүлүгүндө мыйзамдуулуктун сакталышын байкоо кеңеши түзүлүп, ишке киришти.
Ал аралыкта Кыргызстандын түштүк аймактарынын журналисттери ар кандай чыр-чатакты чагылдыруунун этикалык эрежелерин кабыл алышты. Ага ылайык, кабарчылар окуяларды бейтарап жана калыс сүрөттөөгө милдеткер. (ATo)