Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

Кыргызстандын өкүлү Ташкенде ШКУнун жыйынына катышууда


Бүгүн Ташкенде Өзбекстандын төрагалыгы астында Шаңхай Кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Анда Кыргызстандагы абал негизги талкууга алынчу маселердин бири экендиги маалымдалды. ШКУнын баш катчысы, Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев аталган уюмдун катчылыгынын өткөл жылдагы иши боюнча отчет берди. Жыйынга расмий Бишкектин атынан Кыргызстандын ШКУдагы координатору, тышкы иштер министринин орун басары Төлөндү Макеев катышууда.

ШКУ чөлкөмдүк уюм катары 2001-жылы түзүлгөн. Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө-мамлекеттер. (GA)

XS
SM
MD
LG