Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Конституциялык кеңешме өз ишин аяктады


Кеңешме акыркы жыйынында Кыргызстан элине кайрылуу кабыл алып, анда 27-июнда өтчү жалпы элдик референдумга активдүү катышууга чакырды. Кеңешменин катчылыгы өз ишин токтотпостон, жер-жерлерге чейин барып, Баш мыйзам долбоору тууралуу суроолорго жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

3-майда Убактылуу өкмөттүн чечими менен курамы жетимиш беш адамдан турган Конституциялык кеңешме түзүлүп, кечээ коомчулукка сунуш кылынган Баш мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Жаңы Баш мыйзам 27-июнда референдумга коюлуп, жалпы элдин колдоосуна ээ болсо Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөн Борбор Азиядагы биринчи өлкө болот. (GA)

XS
SM
MD
LG