Кытайга сүйлөшүүгө келген АКШнын Мамкатчысы өз өлкөсүнүн Кытай менен кызматташтыгына жогору баа берип, чогулган эл менен учурашты жана алар менен сүрөткө түштү. Клинтон 200 киши кирген делегация менен келди. Сүйлөшүүлөр экономикалык жана стратегиялык кызматташттыкты жакшыртуу максатын көздөмөкчү. Түндүк Кореянын түштүк кореялык кемени чөктүрүп жибергендигине байланышкан кризис да сөзгө алынат. Клинтон Кытайды коңшу шеригин жазалоого чакырат деп күтүлүүдө.