Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Индиядагы учак кырсыгынан сегиз киши аман куткарылды


Бийлик билдирген маалыматка ылайык, өлкөнүн батышындагы Мангалор шаарындагы Эа Индия учагы кыйраганда 158 киши каза тапты. Учак жаан жаап жаткан кырдаалда аба майданына конуп жатып, жолдон чыгып кеткен. Дубайдан келаткан учак токойлуу капчыгайга чейин сүрүлүп барып, өрттөнө баштаган. Бул тууралуу аман калгандардын бири Сталин Маякутти мындай деди:

– Биз Дубайдан түнкү бирден 15 мүнөт өткөндө учуп чыгып, Мангалорго 6.20да жеттик. Конуп келатканда учак кулап түштү. Учкуч тормозду катуу басканда, учак бир нерсеге барып урунду, өрт башталганда учак жарылып кетти. Мен дагы 4-5 киши менен секирип чыкканга үлгүрдүм.

XS
SM
MD
LG