Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

А.Атамбаев өмүрүнө коркунуч туулганын билдирди


Бүгүн өткөн маалымат жыйынында Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев өмүрүнө коркунуч туулганын, аны жок кылуу үчүн кайсы бир күчтөр киллер жалдашканын билерин айтты. Аны жок кылуу үчүн аркасында алты нөлү бар сумма сайылганын айткан А.Атамбаев, муну Бакиевдер же кайсы бир үчүнчү күчтөр уюштурууга камынып аткан болуусу мүмкүн экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал кечээ үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип кетишкенин, бирок алар кармалганын маалымдады. (IJz)

XS
SM
MD
LG