Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Тоолуу Карабакта парламенттик шайлоо өтүп жатат


Азербайжандан бөлүнүп кеткен аймакта төрт партия эргежээл парламенттеги 33 орун үчүн ат салышууда. Талапкерлердин көпчүлүгү Тоолуу Карабактын суверендүүлүгүн колдойт. Шайлоону эл аралык коомчулук тааныган эмес, бирок жикчил жумурияттын президенти Бако Сахакиян бүгүнкү добуш берүү Карабакта демократия өсүп-өнүп жаткандыгын билгизет деп эсептейт:

– Демократиялык асыл-нарктарды барктаган өлкөдө жашаган кандай сонун. Мындай баалуулуктар биз үчүн көз карандысыздык, суверендүүлүк сыяктуу эле мааниге ээ.

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы Карабактагы добуш берүүнү «жаңы шайлоо көз боемочулугу» деп баалап, ага эл аралык шайлоочуларды жолотпоого чакырган.

Карабак Азербайжандан 1990-жылдардын башында бөлүнүп кеткенде тутанган согушта 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG