Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Убактылуу өкмөт жыйынга чогулду


Маалыматка караганда, ушул тапта Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жыйын куруп жатышат. Күн тартибинде кандай маселелер каралып жатканы белгисиз. Кечээ Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрүп, өкмөттөшү Азимбек Бекназаров менен жең ичинен сүйлөшүп 400 миң доллар алды деген маалыматты жокко чыгарды. Өткөн жумада Интернетте А. Бекназаров менен А. Атамбаевдин Бажы кызматынын жетекчилигине дайындоо үчүн 400 миң доллар алуу тууралуу телефондон сүйлөшкөндөрү жайылып кеткен болчу. А. Бекназаров өзү бул тууралуу пикирин расмий билдире элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG