Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн түштөн кийин Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” убактылуу өкмөттөн кабарлашты. Буга чейин БУУ Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн өтүнүчү менен гуманитардык жардам катары 900 миң доллар бөлүүгө даяр экенин билдирген. Каражат аталган уюмдун атайын мекемелери аркылуу сарпталмакчы. Ага ылайык, акчанын жарымы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна (ФАО) Кыргызстанга керектүү үрөн-урук сатып алуу үчүн берилет. 250 миң долларга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму апрель окуяларында жабыркагандарга дары-дармек жөнөтөт. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк боюнча программанын алкагында 160 миңдей долларга Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө чукул жардам көрсөтүлөт. 93 миңин болсо БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. (EBM)