Ушул тапта парламенттин жанына жүздөй адам чогулуп убактылуу өкмөттөн кылган иштери тууралуу отчет беришин талап кылышууда. Күбөлөрдүн айтымында, алардын арасында Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин таламдаштары да бар. Такталбаган маалыматка караганда азыр убактылуу өкмөт чукул жыйын куруп жатат. (EBM)