Башкы прокурор Байтемир Ибраев убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн телефондогу сүйлөшүүлөрү тымызын жазылган аудиотасманын айрым жерлери монтаждалган, деп билдирди. Анын маалымдашынча, убактылуу өкмөт мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун Бажы кызматынын жетекчисин дайындоо үчүн 400 миң доллар алуу жана Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин 1 миллион доллардын изин жайгаруу тууралуу сүйлөшкөндөрү боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Б. Ибраев эгерде убактылуу өкмөттүн аты аталган мүчөлөрүнөн кимдир бирөө кайрылса кылмыш иши козголот деп билдирди. Өткөн жумада Интернетте А. Атамбаев менен А. Бекназаровдун 400 миң доллар, ошондой эле А. Бекназаров менен Т. Сариевдин 1 миллион доллар тууралуу телефондон сүйлөшкөндөрү коомчулукка тарап кеткен. Убактылуу өкмөт бул 1 миллион доллар өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгөрүүгө жумшалды деп билдирген. Ал эми А. Атамбаев кечээ маалымат жыйын өткөрүп Бажы кызматынын башчысын дайындоодо 400 миң долларды албаганын жарыялады. (EBM)