Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Михаил Ходорковский оппозицияны колдогону үчүн түрмөгө отургузулган


Бул тууралуу бүгүн Москвада өтүп жаткан сотто Орусиянын мурдагы премьер-министри Михаил Касьянов билдирди. Касьянов ага Путин өзү “ЮКОС компаниясынын ээлери Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев Орусияда Коммунистик партияга акчалай колдоо көрсөтүшкөнү үчүн түрмөгө отургузулушканын” айтканын келтирди. Ходорковский соттогу билдирүүсүнөн кийин “Азаттыктын” орус редакциясына: "Мен бул айыптар саясий себептерден улам коюлганын айгинилеген аргументтеримди айттым. ЮКОСтун мурдагы жетекчилерине негизсиз айыптар тагылды", - деп айтты. ЮКОСтун ээлери 2003-жылдан бери түрмөдө отурушат. Ишкана өзү мамлекеттик көзөмөлдөгү ишканаларга сатылып кеткен. Орус бийликтери Ходорковскийдин ишинде саясий өңүтү жок деп келишет.

XS
SM
MD
LG