Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Акыйкатчы телефон тыңшоолорду кескин айыптады


Акыйкатчы Турсунбек Акун соңку учурда телефон сүйлөшүүлөрдүн тымызын жаздырылып, жарыяланып жатканын кескин айыптап билдирүү таратты. Анда бул көрүнүштөр адам укугун одоно бузуу катары бааланып, бул иш боюнча кылмыш иштери козголуп, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек, деп айтылат. Өткөн жумада Интернетте Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин Бажы кызматынын башчысын дайындоо үчүн 400 миң доллар алуу жана Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин 1 миллион доллардын изин жазгыруу тууралуу өз ара сүйлөшкөндөрү тарап кетти. А. Атамбаев бул 400 миң долларды албаганын айтып чыкты. Убактылуу өкмөт сөз болгон 1 миллион доллар өлкөнүн түштүгүндөгу кырдаалды жөнгө салуу үчүн жумшалды деп билдирүүдө. Андан мурдараак мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен иниси Жаныш Бакиевдердин убактылуу өкмөткө каршы иш-аракеттерди уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрү коомчулукка тараган. Ага чейин “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун айрым мурунку ЖКнын депутаттары менен убактылуу өкмөткө каршы акцияларды уюштуруу боюнча телефондон сүйлөшүүлөрү жарыяланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG