Венгриянын парламенти кош жарандуулук тууралуу мыйзамды жакынкы күндөрү кабыл алган күндө, бул өлкөнүн жарандыгын алган венгрлер дароо Словакиянын атуулдугун жоготушат, - деп билдирди Словакиянын премьер министри Роберт Фико. Венгрия парламенти көпчүлүгү Румыния, Словакия жана Сербияда жашаган 3 жарым миллиондой венгр калкына Венгриянын жарандыгын берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорду караштырат. Словакиянын 5 жарым миллиондой калкынын 10%ын венгр улутундагы адамдар түзөт.