Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:38

У. Барыктабасовдун тарапкерлери Р. Отунбаевага жолукканы жатат


Азыр Жогорку Кеңештин жанында “Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун жүзгө чукул тарапкери турат. Аталган партиянын төрагасы Кенжалы Сарымсаков "Азаттыкка "алар убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолугушууну күтүп жатканын билдирди. Убактылуу өкмөттөн У. Барыктабасовдун учагын эмне себептен Кыргызстанга кондурбай койгону тууралуу сурашарын айтты. Маалыматка караганда анын учагы кечээ Манас аба майданына конмок. Бирок аэропорттун жетекчилиги конууга уруксат берген эмес. У. Барыктабасов 2005-жылы 17-июндагы контрреволюциядан кийин Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз болгон. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров май айындагы убактылуу өкмөткө каршы нааразылык акцияларды уюштурууга У. Барыктабасовдун тиешеси бар деп билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG