Бүгүн Сокулук районундагы жыйында убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын билдиргенине караганда бул каражат 12-14-май аралыгында Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы жаңжалдарды басуучу күчтөрдү, атайын багыттагы күчтөрдү токтоосуз каржылоо керек болгон үчүн, атайын буйруктун негизинде пайдаланылган. Бул боюнча убактылуу өкмөт чукул жыйын өткөргөн. Бул боюнча өкмөт отчет берүүгө даяр жана бул “тартылып алынган акчаны биз калыбына келтиришибиз керек” деди. Отунбаеванын айтымында 1 миллион доллардын бардыгы чыгымдалган жок.
Маалыматтарга караганда бул жерде апрель ыңкылабынан кийин мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев негиздеген Азия Универсал Банкынан алынып, “тоңдурулуп” коюлган 19 миллион доллардын 1 миллион доллары жөнүндө сөз жүрүүдө.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмаз Атамбаев мурдараак уюштурган маалымат жыйынында 1 миллион долларга байланышкан ишти кылмыш деп баалаган. Бул маселе убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин жашыруун телефон сүйлөшүүлөрү коомчулукка жарыяланып кеткенден кийин күн тартибине курч коюлуп, ар кыл түкшүмөлдөрдү жаратып келатат. Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев муну коопсуздук чараларына байланышкан өкмөттүн купуя аракети катары баалаган. Экинчи өкмөт мүчө Азимбек Бекназаров телефон жаңжалдарына байланыштуу өз оюн ачыктай элек. (BuS)