Башкы прокуратуранын басма сөз өкүлү Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” убактылуу өкмөттөгү бир министр кармалды деген маалыматты тастыктаган жок. Мындан мурдарак Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында атын атабаган бир министрди Коопсуздук кызматы сурак берүү үчүн кармаганын, ал абакта 48 саатка чейин отурушу ыктымал экенин, эгер күнөөсү далилденсе абакка камаларын билдирди. А. Атамбаев ал министрдин кармалган себебин ачыктаган жок. Улуттук коопсуздук кызматынан бул тууралуу азыр комментарий алууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. (EBM)