Бүгүн убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басарынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Жорж Крол менен жолукту. Анда тараптар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн АКШ өкмөтүнөн жардам ирээтинде келчү каржы жана экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Р. Отунбаева жолугушууда өлкөнүн ичиндеги саясий-социалдык абал, энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Ж. Крол өз кезегинде расмий Вашингтон Кыргызстандын бийлигине өлкө алдында турган милдеттерди аткарууга жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. (EBM)