Буйрукту өлкөнүн лидери Ким Чен Ир бергенин Түштүк Кореядагы “Йонхап” маалымат агенттиги кабарлады. Расмий Сеул Пхеньянды мартта деңиз кемесин жардырган деп айыптап, кечээ Түндүк Корея менен соода-сатык алакаларын, деңиздеги карым-катнашын токтотконун билдирген. Ошондон кийин ортодо мамиле дагы чыңалды. Кырсыкта 46 адам набыт болгон эле. Ал арада Кытай конфликтти сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө чакырды.