Кырсык өткөн аптада болгон. "Pamir Airways" компаниясына караштуу учак Хинду-Куш тоолоруна кулап түшкөн эле. 44 жүргүнчүнүн бири да тирүү калган эмес. Көрсө учакта Пакистандын, Тажикстандын жарандары, британиялыктар, америкалыктар жана түрктөр да болушкан экен. 13 адамдын гана ким экени аныкталып, алардын сөөгү туугандарына берилгени кабарланды.