Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Нарын: бүтүрүүчүлөрдүн арасында «эң жакшы» окугандар аз


Нарын облусу боюнча быйыл 9315 бүтүрүүчү катталды. Алардын ичинен 3569 окуучу 11-классты аяктады. 305 окуучу 9-классты артыкчылык аттестаты менен аяктаса, 11-класстын 220 бүтүрүүчүсү кызыл аттестатка ээ болушту. Бул көрсөткүч 6 пайызды түзөт. Быйыл мектепти аяктагандардын билим деңгээли начар болуп калганын Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Салтанат Эсенаманова айтты. Облус боюнча окуу китеп менен камсыз болуу бул окуу жылында 70 пайызды түзгөн. Авариялык абалда 19 мектеп катталып, анын бири Алыш айлына мамлекеттин эсебинен мектеп салынышы күтүлүүдө. (JI)

XS
SM
MD
LG