Британиянын премьер министри Дэвид Камерон колдо бар далилдер Иран атомдук курал даярдоо ниетинде экенин көрсөткөндүктөн, Батыш Тегеранга карата кысымын күчөтүшү керек деп эсептейт. Анын алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Түркия менен Бразилиянын ортомчулугу астында Ирандын атомдук отун алмашуу планын жөн гана көңүлдү алаксытып, Улуттар уюмунун санкцияларынан кутулуу аракети деп баалаган.