Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөп жааган жаанда 28-майга чейин сел жүрүшү ыктымал, деген шашылыш билдирүү таратты. Өткөн жумада Ош облусунун айрым райондору селден жабыркаган. Өзгөн районунда жолдун беш жүз метрин сел жууп кетти. Көлдүк айылында көпүрө сууга агып, электр зымдары тартылган мамылар кулап калды. Ноокаттагы төрөт үйдү, тогуз үйдү суу каптады. Көкбел айылындагы орто мектепти да сел капташы мүмкүн деген коркунуч бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепетинин алдын алуу боюнча штаб түзүлгөнүн билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG