Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

“Мекен шейиттери” кыймылынын өкүлдөрү ЖКнын жанына чогулушту


Аталган кыймылдын өкүлү Кайрат Шабданбеков “Азаттыкка” азыр парламенттин жанына кыркка жакын адам чогулуп турганын маалымдады. Алар убактылуу өкмөттөн мурунку президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү, апрелдеги кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн таап жазага тартуу боюнча жасап жаткан иштери тууралуу отчет беришин талап кылышууда. К. Бакиев Белорустан Түркияга эс алууга кетти деген маалыматтан улам “Мекен шейиттери” кыймылы мунун алдында Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинин жанында нааразылык акция өткөрүштү. Аталган элчиликтин өкүлдөрү Кыргызстандын мурунку президенти Түркияда жүрөт деген маалыматты четке кагышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG