Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

“Эл бийлиги үчүн” кыймылы референдумга 3 маселе койууну сунуштады


Бүгүн аталган кыймыл өзүнүн түзүлгөнүн жарыялап, убактылуу өкмөткө талаптарын, сунуштарын берди. Ага ылайык, референдумга үч маселе, мурунку президент Курманбек Бакиевди кызматтан алуу, убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын бийлигин мыйзамдаштыруу жана Баш мыйзамдын долбоору койулушу керек. “Эл бийлиги үчүн” кыймылы Р. Отунбаева бийлигин мыйзамдаштыргандан кийин мамлекеттик кызматтарга өзүнүн мурунку партиялаштарын, же мурун оппозицияда жүргөн партиялардын мүчөлөрүн эмес, иш билген адамдарды алып келиши керек, деген талап койушту. Эгер убактылуу өкмөт бул талаптарын аткарып, сунуштарын эске албаса эл аркылуу бийликке таасир этүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышарын эскертишти. Уюштуруучулардын айтымында, "Эл бийлиги үчүн" кыймылга 160тай коомдук кыймыл жана 5 саясий партия кирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG