Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Р. Отунбаева “Мекен шейиттери” кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алат


Убактылуу өкмөттүн төрайымы бүгүн түштөн кийин “Мекен шейиттери” кыймылынын жыйырмадай мүчөсүн кабыл алып, талаптарын укканы жатат. Бүгүн аталган кыймыл парламенттин жанына чогулуп убактылуу өкмөттөн апрелдеги кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн кармап жазага тартуу иштерин тездетүүнү талап кылышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев бул окуялар боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок чет өлкөгө качып кеткен жарандарды кармоо кыйынга туруп жатканын, анткени алар бир нече паспорттор менен жүрүшкөнүн, ошондой эле чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстан менен толук кызматташпай жатканын айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG