Бүгүн аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров билдирүү таратты. Анда Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга жөндөмсүз болуп жатканын мойнуна алып, коомду конструктивдүү өнүгүү жолуна салышы керек, деген сунуш айтылат. Ага ылайык, чукул арада эл ишениминдеги коалициялык өкмөт түзүлүшү керек. Убактылуу өкмөттүн азыркы курамынан өзүнүн атын коррупция менен булгаган жана кадр саясатында мыйзам бузууга жол берген мүчөлөрү чыгарылышы зарыл. А. Мадумаров "Бүтүн Кыргызстан” партиясы коалициялык өкмөттүн курамына кирип иштөөгө даяр экенин билдирди. Эгерде убактылуу өкмөт партиянын бул сунушун эске албай койсо өлкөдөгү башаламандыктар үчүн түздөн-түз жоопкерчиликти алат деп эскертти. (EBM)