Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Дүйнөлүк банк Казакстанга бир миллиард доллар насыя берет


Казакстанга мына ушундай көлөмдө насыя ажыратуу маселеси Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылды. Банктын билдирүүсүндө айтылгандай, насыя казак өкмөтүнүн фискалдык саясатка, бюджетти башкарууга, банк чөйрөсүн жөндөөгө багытталган экономикалык программасын колдоого жардам көргөзөт. Казакстандын каржы министри Болат Жамишевдин айтымында, насыянын эсебинен бюджет таңкыстыгы, социалдык милдеттемелер жана экономикалык өсүштү колдоо программалары каржыланат. Божомолдор боюнча Казакстандын улуттук дүң өндүрүшү быйыл 1,5-2%дын тегерегинде өсөт. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, ал 1992-жылдан бери Казакстанга 5,2 миллиард доллардан ашуун насыя берген.

XS
SM
MD
LG